Агартуу кербени: Азирети Муфтий Ошко иш сапары менен барды

Бүгүн, 26-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган аалымдар Ош облусуна расмий иш сапары менен барды. Диний ишмерлерди Ош Эл аралык аэропортунан облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган дин кызматкерлери тосуп алышты.

Азирети Муфтий «Агартуу кербени» иш сапарына ылайык, Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү жана КМДБнын кызматкерлери менен бирге Ош шаары жана Ош облусундагы борбордук мечиттерде жума баяндарын жасашат.

Айта кетсек, Азирети Муфтийдин агартуу сапары төмөнкүдөй мерчемделген:

— Ош облусунун жана Ош шаарларынын казыят кызматкерлери менен жолугушуу;

— Ош шаарынын имамдарына жыйын өткөрүү;

— Диний окуу жайларды зыярат кылып, студенттери менен жолугушуу;

— Жума баянында эл менен жолугушуу;

— Өзгөндөгү имам Сарахсий күмбөзүн зыярат кылуу.