Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Ош шаарына алгачкы иш сапары менен барды

Бүгүн, 26-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаардык казыятын зыярат кылып, казыят кызматкерлерине жолугушуу өткөрдү. 

Жолугушууда жалпы казыят кызматкерлерине 2024-жылдагы аткарылчу иш-план боюнча айтып, жалпы дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга багытталган окутууларды өткөрүүнү тапшырды.  

Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов казыяттын ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип, бул жылы Ош шаарында китеп окуу конкурстары жалпы дин кызматкерлерине жана шаар тургундарына өткөрүлгөнүн, дагы жакынкы арада «Мухтасар аль-Викая» китебинен жарыш уюштуруларын айтты.  

Белгилей кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү КМДБнын «Агартуу кербени» иш-планынын алкагында Ош шаарында жалпы мечиттерде жана диний окуу жайларда 3 күндүк сабактарды өтүшөт.