Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Ош облустук казыят кызматкерлери менен жолугушту

Бүгүн, 26-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош облусуна жасаган расмий иш сапары жана агартуу кербенин алкагында, КМДБ тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө жана аймактагы диний мекемелерди зыярат кылуу максатында Ош облустук казыятына барып, казыят кызматкерлери менен жолугушту.

Жолугушууда алгач облус мусулмандарына жаңы казы болуп дайындалган Абибилла ажы Кадырбердиевдин иштерине ийгилик каалады. Ошондой эле КМДБ тарабынан берилген тапшырмаларды аткарууда жоопкерчиликтүү болуу тууралуу айтып, Ош облусу жана Ош шаарына атайын агартуу кербени менен келгендигин билдирди.

Агартуу кербенинде Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү жана Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров, Самидин кары Атабаев, Жоробай ажы Шергазиевдер болуп, шаар жана облус аймагындагы мечиттерде жума баяндарына чыгышат.

Айта кетсек, агартуу кербенинин негизги максаты ханафи мазхабы, матуриди акыйдасы боюнча окутууларды жандандыруу болуп саналат.