Азирети Муфтий Ош шаарындагы диний кызматкерлерге жыйын өткөрдү

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарындагы «Аль Бухари — Алай» мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров жана Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнүн катышуусунда жалпы дин кызматкерлерине жыйын болуп өттү.  

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров 2024-жылы алгачкы жолу Ош сапарына иш-сапары келгенин жана казыяттардын ишмердүүлүгү менен таанышып жатканын айтып, жалпы диний кызматкерлерди мечиттеринде жамааттын алдында бардык жактан үлгүлүү болушу керектигин белгиледи. 

Айта кетсек, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Кенжетай ажы Курманходжаев,  Мирзат ажы  Барпыбеков, Эмилбек Андартегин жана Жеңишбек ажы Курбановдор Ош шаарындагы борбордук мечиттерде жана диний окуу жайларда 3 күн фикх жана акыйда маселелери боюнча лекцияларды окушат.