Агартуу кербени: Азирети Муфтий Өзгөн районунун тургундары менен жолугушту

Бүгүн, 26-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы Мырза-Аке аймагынын тургундары менен жолугушуп, үй-бүлө баалуулуктары, балдардын таалим-тарбиясына көңүл буруу, жаштардын адеп-ахлагын, жүрүм-турумун жакшыртуу боюнча өз баяндамасын жасады.

«Бир учурлар аталарыбыз илим алып, ибадат кылууга ынтызар болсо да, азыркыдай мүмкүнчүлүктөр болгон эмес. Азыркы учурда ибадат кылууга түзүлгөн шарттар, илим алуу мүмкүнчүлүктөрү, дин тутуу эркиндиги үчүн шүгүр келтирип, кадырына жетели. Балдарыбыздын таалим-тарбиясын ойлосок, илим үйрөтөлү. Биринчи кезекте жүрүм-турум жагынан өзүбүз үлгү болушубуз керек», — деди Азирети муфтий Абдулазиз кары Закиров.

Ал эми Азирети Муфтийдин 1-орун басары Самидин кары Атабаев Өзгөн районунун борбордук жами мечитинде жума баянын жасаса, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев «Маккатул Мукаррама» мечитинде жума баянына өттү.