Жолдошбек ажы Абдылдаев Кеминдеги акыйда семинарына катышкан имамдарга сертификат тапшыруу аземине катышты

КМДБ тарабынан 2023-жылдын 28-февралындагы «Имам Матуриди» илим изилдөө борборун түзүү боюнча чыгарылган №49 буйругу, ошондой эле Чүй облусунун мусулмандарынын казыятынын 2024-жылга карата иш-чараларынын планынын алкагында имамдардын мазхабдык жана акыйдалык билимдерин жогорулатуу жана алардын квалификацияларын көтөрүү, окуу курстарын уюштуруу максатында Чүй облусунун Кемин районунун жалпы имамдарына Калмак-Ашуу айылындагы 6 күндүк акыйда окуу семинары бүгүн, 26-апрель күнү аяктады.

Сертификат тапшыруу аземине Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев катышып, «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) куттуу хадисинде «Ар бириңер башчысыңар жана кол алдыңардагыларга жооптуусуңар» деп белгилеген. Имамчылык кылып элге, динге кызмат кылуу ар кимдин эле насип боло бербейт. Сиздер күн-түн дебей элдин кызматында болосуздар. Ушундан улам сиздердин жоопкерчилигиңиздер жогору. Ошондуктан ар тараптуу өнүгүп-өсүүгө аракет кылыңыздар. Биз сиздерди ар дайым илимдүү-билимдүү болушуңуздарга тилектешпиз. Алган илимиңиздерге Жараткан береке берсин. Эгемендүү өлкөбүзгө тынчтык, ынтымак ыроолосун», — деди.

Азирети Муфтийдин орун басары өз сөзүндө акыйда диндин негизи экенин, аны жакшы билип, элге туура маалымат берүү зарылдыгын айтып, мындай саамалыктар өлкө боюнча өткөрүлөрүн кошумчалады.

Жыйындын жүрүшүндө  Жолдошбек ажы Абдылдаев семинарды уюштурган Кемин районунун баш имам-хатиби Куттубек ажы Дуйшебаевге жана имамдардын окуусуна шарт түзүп, жакындан колдоо көрсөткөн Калмак-Ашуу айылынын имамы Эрмек ажы Тынай уулуна КМДБнын Алкыш баракчасын тапшырды.

Кемин районунан 40 имам окууга катышып, сертификаттарга ээ болушканын жана мындай окуу семинары облустун башка райондорунда да өткөрүү пландаштырылып жатканын облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков билдирди.