Азирети Муфтий «Имам Аль-Бухарий» ислам институту жана «Абдираим каары» медресесин зыярат кылды

Бүгүн, 26-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош облусуна жасаган расмий иш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы «Имам Аль-Бухарий» ислам институту жана «Абдираим каары» медресесин зыярат кылып, студенттери менен жолугушту.

Жолугушууда студенттердин окууларына ийгиликтерди каалоо менен батасын берип, кошумча кесиптик өнөр үйрөнгөн студенттерге тиешелүү сертификаттарын тапшыруу аземине да катышты. Аталган диний окуу жайдын студенттери тигүүчүлүк, компьютерди өздөштүрүү, кол эмгек жана каллиграфия ж.б. багыттарда бир топ тажрыйбага ээ болушуп, өздөрү үчүн керектелүүчү кийим-кечени тигип келишет. Ошондой эле өздөрү жасаган кол эмгегинен конокторго жасалгаларды белек катары тапшырышты.

Жолугушууга окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү да чакырылып, аларга медресенин тарыхы жана учурдагы абалы боюнча видеоролик көрсөтүлдү.

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров студенттер үчүн заманбап үлгүдө салынган спорт зал жана Куран окуп отурууга ылайыкташкан тапчандар менен таанышып, жаңыдан курула турган бакчанын долбоору боюнча маалымат алды.

Окуу жай жетекчилиги диний мекеме менен тааныштыруу менен бирге студенттердин Орозо Айт майрамын жогорку деңгээлде өткөрүшкөнүн айтып, Рамазан айында окулган катмы Курандар жана салават айтуу саамалыктары жөнүндө маалымат берип өттү.

Айта кетсек, аталган жолугушууга Азирети Муфтийдин 1-орун басары Самидин кары Атабаев, КМДБнын фатва бөлүмүнү башчысы Жоробай ажы Шергазиев, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, аксакалдар жамааты, диний окуу жайдын устаздар жамааты жана студенттери катышты.