Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Имам Сарахсий күмбөзүн зыярат кылып, Куран окуду

Бүгүн, 26-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош облусуна жасаган расмий иш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы Имам Сарахсий күмбөзүн зыярат кылып, Куран окуп дуба кылды.

Азирети Муфтий менен бирге 1-орун басары Самидин кары Атабаев, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров жана башка дин кызматкерлери да зыярат кылышып, Куран окуп дуба кылган соң, Имам Сарахсийдин өрнөктүү өмүр таржымалы боюнча сөз болуп, залкар аалымдын ислам маданиятын кошкон салымы жана белгилүү эмгектери эскерилди.