Фитир-садакалар 3 категория боюнча таратылууда

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы элден чогулган фитир-садаканы 3 категория боюнча; жетимдерге, арыз менен кайрылган муктаж жарандарга жана медреселерге таратып жатат.

«Элибиз ибадат иретинде фитир-садакаларын мечиттерге беришет. Биз ортодогу аманатчыбыз. Сиздер берүүчүлөр үчүн дуба кылыңыздар. Жалпыбыз Мекенибиз үчүн дуба кылалы. Баарыбызга маалым болгондой, өлкөбүздүн айрым аймактарында сел жүрүп, дүйнөнүн кээ бир өлкөлөрүндө суу ташкындоолор болуп жатат.  Жараткан Алладан тынчтык тилейли», — деп белгиледи Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров.

Айта кетсек, быйылкы жылы өлкө боюнча топтолгон фитир-садака 57467895 (элүү жети миллион төрт жүз алтымыш жети миң сегиз жүз токсон беш) сомду түзгөн. Топтолгон акча каражатынын 60 пайызы жергиликтүү мечиттерде, 30 пайызы хатибияттар жана казыяттарда, ал эми калган 10 пайызы муфтиятта таратылууда.