Алайда жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарыш өттү

Алай районуна караштуу Тилектеш айыл аймагынын Үч-Чат айылында жайгашкан «Медресе Ислам» окуу борборунда Алай райондук хатибиятынын демилгеси менен Эркебай уулу Орунбай атанын жаркын элесине арналып «Китебим Куран» аттуу жарыш болуп өттү.

Аталган жарышта Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков баштаган хатибият кызматкерлери жана айыл имамдары Абакир Сексенбаев, Акылбек Кулмурзаевдер калыстык кылышты.

Жеңүүчүлөргө баалуу белектер, Куран китептери жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

«Куран — эң чоң байлык. Жаш курагыбызда илим-билим алып Куран жаттап алсак, ташка тамга баскандай өмүр бою дилибизде сакталат. Ошондуктан ар бир мүнөтүбүздү изденүү-аракет менен өткөзүп, алдыга карай талпыналык. Бүгүн, 15 сүрөө жана 1 парадан жарышып жатсак, алдыда 10 парадан, керек болсо 30 парадан стимул берчү жарыштарды өткөрө турган бололук», — деп Эмирлан ажы Бообеков жаш өспүрүмдөргө кеңешин берди.