Баткен районунда дин кызматкерлери ишембилик өткөрдү

Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын тапшырмасынын негизинде мечит-медреселер кызматкерлеринин катышуусунда ишембилик өткөрүлүп, ага мечит жамааттары жана дин кызматкерлери катышты.

Ишембиликтин алкагында Баткен шаарындагы Жеңиш паркынын айланасы ар кандай калдыктардан, таштандылардын, акыр-чикирлерден тазаланып, бак-дарактарды актоо иштери жүргүзүлдү.

«Тазылык – ыймандан» демекчи, тазалык ар бирибизге керек. Анткени ислам дини тазалыкты буйруйт. Ага ылайык диний кызматкерлер менен чогуу массалык түрдө тазалык иш-чарасын уюштурдук. Саамалыкка катышкан бардык кызматкерлерге ыракмат. Иш-чаранын алкагында жолдор да тазаланды. Тазалык иш-чарасы ушул боюнча токтоп калбай, мындан ары да улана бермекчи», – деди Сайдахмад ажы Аппазов.

Айта кетсек, тазалык иш-чарасмы Баткен шаар, райондук хатибияты тарабынан Баткен шаардык мэриясы биргеликте өткөрүлдү.