Алайда зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Ош облусуна караштуу Алай районунун Маданият үйүндө мектеп окуучулары жана ата-энелердин катышуусунда зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлүп, анда райондун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков өз баяндамасын жасады.

«Үй-бүлө — коомдун эң негизги элементи. Ар бир үй-бүлө мүчөсү өз милдеттерин так аткарып, укуктары сакталып, жоопкерчиликти сезе билгенде гана ал үйдө тынчтык, мээрим жана сый-урмат болот. Кудай Таала кут-береке берет. Окуучулар, силерге айтаарым, Ата менен Эне бирөө эле болот. Аларды урматтагыла, сөзүн эки кылбагыла. Бүтүрүү кечесине даярданам деп аларга материалдык күч келип калбасын», — деди баш имам-хатиб Эмирлан ажы Бообеков.

Жыйындын жүрүшүндө укук коргоо органдары да өз баяндамаларын жасап, жаштарды жакшы жүрүм-турумда болууга чакырышты. Жыйындын соңунда, баш имам-хатиб Эмирлан ажы Бообеков мектеп окуучуларына стимул иретинде ЖРТга жакшы тапшырып, алтын сертификат алса, райондук хатибият тарабынан 30 миң сом акчалай сыйлык берүүнү убада кылды.