Жоробай ажы Шергазиев Баткенде ажыга баруучу жарандар менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев иш сапары менен Баткен шаарына барды. Бөлүм башчы иш сапарынын жүрүшүндө калаанын “Нуъмани” атындагы борбордук мечитинде аймактагы 2024-жылы ажылык сапарына баруучу жарандар менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга Баткен облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов жана казыят кызматкерлери, ажы башчылар катышты.

Болочок ажылар менен болгон жолугушууда ажылык амалын аткаруу эрежелери, сапар учурунда Сауд Араб падышачылыгынын мыйзамдарына баш ийип, САПтын ажылык министрлигинин талаптарын аткаруу керектигин түшүндүрдү.

Муну менен катар Жоробай ажы Шергазиев ажылык сапардагы коопсуздук маселеси туурасында маалымат берип, “Быйылкы ажылык сапарды жогорку деңгээлде өткөрүү зарыл. Ар бирибиз облус аймагындагы жарандарыбызга улуу сапардын жол-жоболорун туура түшүндүрүүбүз зарыл. Ажы башчылар ар бир жаранга көңүл бөлүп, толук маалымат берүүгө тийиш”, – деди өз сөзүндө.