Самидин кары Атабаев Кара-Суудагы ажылык сапарына аттанган зыяратчыларга сабак өттү

Бүгүн, 29-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин 1-орун басары Самидин кары Атабаев Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы ажылык сапарына аттанган зыяратчыларга сабак өтүп, аларды чын ыклас менен ибадат кылууга жана тиешелүү эрежелерди сактоого чакырды.

«Динибизде ибадат аткаруу үч түрдүү болуп, алар дене менен, мал-мүлк менен, ошондой эле дене менен да, мал-мүлк менен да аткаруу болуп эсептелет. Ажылык ибадаты дене менен да, мал-мүлк менен да аткарылуучу ибадат. Аны аткарууда чын ыклас менен ибадат кылганда гана ар түрдүү машакаттар жеңил сезилет. Ошондой эле, башка өлкөгө барып жаткандыктан, ал жактын тийиштүү мыйзамдарын сактоо, керектүү эрежелерге баш ийүү менен тартипти сактап жүрүңүздөр. Дагы бир айта кетчү маселе, убакытка так болуңуздар. Анткени бир адамдын айынан 50 гө жакын адам күн ысыкта күтүп калбашы керек», – деди Самидин кары Атабаев.