Абибилла ажы Кадырбердиев Барак эли менен жолугушуп, аларга мечит куруп берүүгө убада берди

Бүгүн, 29-апрель күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев Кара-Суу райондук-мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Барак анклавынан көчүрүлүп келинген жарандар менен жолугушту.

Жолугушууга Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев баштаган райондук-администрациянын кызматкерлери менен облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган дин кызматкерлери жана Барак анклавынан көчүрүлүп келинген жарандардан 51 үй-бүлө катышты.

Жыйынга катышкан 51 үй-бүлөгө Ош облустук казыяты тарабынан кайрымдуулук катары акчалай белектер тапшырылды.

«Бүгүнкү күндөгү өлкө башчыбыздын жүргүзүп жаткан саясатынын алгылыктуу жактары көп болууда. Алардан бири ушул сиздердин көптөн бери самап жүргөн көксөөңүздөр иш жүзүнө ашканы. Буйруса баарыңыздарга жаңы үйлөр курулуп, жаңы конуштуу болосуздар. Ылайым жаңы конушуңуздарга кут-береке арыбасын. Ажобуздун кылып жаткан жакшылык иштеринде биз да четте карап турбай, айылга заманбап мечит курууну убада беребиз», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Айта кетсек, Барак анклавынан көчүрүлүп келинген жарандарга үйлөрдү жана социалдык объектилердин курулушун 31-августка чейин бүткөрүү пландалганын район акими Темирболот Абыкеев билдирди. «Сиздер үчүн үйлөрдү куруу үчүн мамлекет тарабынан тиешелүү акча бөлүнүп берилди. Буйруса даярдоо иштери башталууда. Жалпысынан үйлөрдү 31-августка чейин куруп бүткөрүү пландалган. Сиздерди көчүрүү процесстери жүрүп бүткүчө, туура түшүнүп сабыр кылып бергениңиздер үчүн ыраазылык билдиребиз», – деди район акими Темирболот Абыкеев.