«Яшар Групп» ЖЧК: «Үй-бүлөбүзгө каалабаган нерсени элибизге да каалабайбыз»

Бүгүн, 29-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев баштаган КМДБ кызматкерлери «Яшар Групп» ЖЧКсын зыярат кылды.

Зыяраттын алкагында Азирети Муфтийдин орун басары ун тартуу жана кондитердик азыктарды өндүрүү адистештирилген компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, азык-түлүк өндүрүү процессине жеринде күбө болду.

«Биз сиздерди өлкөбүздөгү адал ун азыктарын жана таттууларды жасоочу ири ишкана катары тааныйбыз. Буга чейин жакындан кызматташып келгенбиз. Мисалы, айрым медреселерибизге жакындан көмөк көрсөтүп келесиздер. Сиздердин адистер биздин, муфтияттын экономика жана коммерция министрлигинин тиешелүү борбору менен биргеликте өткөргөн атайын семинарга катышкан. Максатыбыз каалайыкка шарияттык жактан адал боуп эсептелген азык-түлүктөрүн тартуулоо менен Алланын ыраазычылыгын табуу. Анткени мусулман киши динибиз көрсөткөн адал-арамга маани берип, арам делген азык-түлүктөн этият болуу менен күнөөдөн сактанышы керек. Сиздер элибизди адал азык-түлүк менен камсыздоо багытында зор иштерди аткарып келесиздер. Алла Таалам жалпыңыздардан ыраазы болуп, ишиңиздерге ийгилик берсин», – деп билдирди Жолдошбек ажы Абдылдаев.   

Азирети Муфтийдин орун басары өз сөзүндө элдин диний маалыматы кыйла жакшырганын, адал тамак-ашка талап өскөнүн, шарияттык «халал» стандартын өнүктүрүү максатында муфтиятта атайын бөлүм ачылганын, аны жогорку диний билимдүү кадрлар жетектээрин, КМДБнын «халал» багытындагы иш-аракеттери эч кандай коммерциялык кызыкчылыкты көздөбөшүн белгилеп, тиешелүү бөлүмдүн мамлекеттик мекемелер менен тыгыз кызматташарын билдирди.

Ал эми «Яшар Групп» ЖЧКсынын өкүлү, кондитердик цехтин башчысы Кемал Васипов зыярат үчүн КМДБ кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, буларга токтолду:

«Алхамдулиллах, жалпыбыз мусулманбыз. Биз компаниябызга таандык азык-түлүктү максималдуу түрдө адал, таза кылганга аракет кылабыз. Продукциябыздын ар бир ингредиенти (курамы – ред.) адал болушуна өтө маани берилет. Биз өз үй-бүлөбүзгө каалабаган нерсени элге да каалабайбыз. Өзүбүз жебеген нерсени элге да жедирбейбиз. Өзүбүз жегенден кийин гана калайыкка сунуштайбыз».

Бул иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмү тарабынан демилгеленип, муфтияттын «халал» сертификатын алган мекемелердин ишмердүүлүгүн пландуу текшерүү боюнча мерчеминин алкагында жүргүзүлдү. Таанышуу жана зыярат саамалыгына Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаевден сырткары КМДБнын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу, адис Марат ажы Кадыкеев, КМДБнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат ажы Атабаевдер катышты.

Айта кетсек, кыргыз-түрк биргелешкен «Яшар Групп» жоопкерчилиги чектелген коому 1997-жылы түзүлгөн. 2018-жылы КМДБнын «халал» сертификатына ээ болуп, жыл сайын КМДБ тарабынан атайын текшерүүдөн өтүп, сертификат мөөнөтүн жаңылап турат.