Абибилла ажы Кадырбердиев Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев менен жолугушту

Бүгүн, 29-апрель күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев менен жолугушуп, райондун аймагындагы диний кырдаал боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

«Өлкөбүздө мечит-медреселердин саны боюнча облусубуз алдыңкы орунду ээлеп келет. Ошонун катарында калкы да, диний объектилери да көп. Аны менен бирге көп улуттуу да болгон – бул Кара-Суу району болуп саналат. Буйруса диний кырдаалды жөнгө салуу жана улуттар аралык ынтымак менен биримдикти чыңдоодо ар тараптуу кызматташууга даярбыз. Ошондой эле, Барак анклавынан көчүрүлүп келинген жарандарга үйлөр жана социалдык объектилер мамлекет тарабынан курулуп жатат. Бул саамалыкта биз да четте карап турбай, айылга заманбап мечит куруу жоопкерчилигин алабыз», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Ошондой эле Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев да казыны жаңы кызмат орду менен куттуктап, жылуу сөздөрүн айтты. Ошондой эле, Барак анклавынан көчүрүлүп келинген жарандарга курулуп башталган үйлөр жана социалдык объектилер тууралуу кыскача маалымат айтып өттү. Андан соң, эки тарап тең бири-бирине белектерин тапшырып, алдыда көп иш-чараларда тыгыз байланышта болорун билдиришти.