Ниматулла ажы Жээнбеков Токтогул районунун акими Акылбек Тюкебаев менен жолугушту

Бүгүн, 29-апрель күнү Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Токтогул районуна жасаган иш сапарынын алкагында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Акылбек Тюкебаев менен жолугушту.

Жолугушууда Токтогул районундагы жаңы курулган мечиттерди ДИМКнын эсептик коттоосунан өткөрүүдө зарыл болгон документ иштерин даярдоого жакындан көмөк көрсөтүү жана кызматташуу багытында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Район акими менен болгон жолугушууга ДИМКнын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Нурбек Кайсарбаев, казынын орун басары Алибек ажы Батыралиев, мечит жана окуу адиси Арпидин ажы Жороев жана Токтогул районунун баш имам-хатиби Алипбай Борошов катышты.