Панфилов районунда жаңы мечит пайдаланууга берилди

Чүй облусунун Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында «Каптал-Арык» аттуу жаңы мечит бүткөрүлүп, тиешелүү иш кагаздары аяктаган соң пайдаланууга берилди

Мечиттин ачылыш аземине Панфилов районунун акиминин 2-орун басары Максат Тилекматов, Азирети Муфтийдин орун басары Асан ажы Сыргабаев, облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков, баш имам-хатиб Жуман ажы Дубанаев, «Табарак» кайрымдуулук фондунун жетекчисинин орун басары Майрам Турсуматова жана башка сыйлуу коноктор катышты.

Мечитке демөөрчүлүк кылган “Табарак”  кайрымдуулук фондунун мүдүрүнүн орун басары Майрам Турсуматовага КМДБнын ыраазычылык баракчасы тапшырылды. Аны менен бирге курулуш иштеринде талыкпай кызмат кылган имам-хатиб баштаган бир нече инсанга Панфилов районунун баш имам-хатиби тарабынан ыраазычылык билдирилди.

«Мечит – бул Аллахтын үйү, аны  тазалыгына, көркүнө көңүл буруу бул жергиликтүү жамааттын милдети. Аллах Таала ыйык Куранда мындай деген: «Албетте Аллахтын мечиттерин Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтиргендер абад кылат». Ошондуктан урматтуу жамаат, дайыма мечитке каттап, Куран үйрөнүп, илим алып, жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарып, Жараткандын ыраазычылыгына жетели», – деп белгиледи Асан ажы Сыргабаев.