Лейлекте жана Сүлүктүдө ажылык сапарга барчулар үчүн сабак уюштурулду

Бүгүн, 29-апрелде Лейлек районунун Раззаков шаарындагы “Нур” мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев Баткен облусунун Лейлек районунан жана Сүлүктү шаарынан ажылык сапарына аттана турган жарандар менен жолугушуп, ажылыктын шарияттагы орду, ажылык ибадатты туура аткаруу, ажы башчыларга баш ийүү, сабырдуулук жана эл ичиндеги биримдик, бири-бирин сыйлоо, бири-бирине кызмат кылуу боюнча сабак өтүп, 2024-жылкы ажылык сапарына аттанып жаткан жарандардын суроолоруна жооп берди.

Болочок ажылар менен болгон жолугушууда Жоробай ажы Шергазиев  ажылык сапар учурунда Сауд Араб Падышачылыгынын мыйзамдарына баш ийип, САПтын ажылык министрлигинин талаптарын аткаруу керектигин түшүндүрдү.

Аталган жыйынга Баткен облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов, Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Махмуд ажы Курбанбаев, Лейлек районунун баш имам-хатиби Кубат Абдыгапар уулу жана ажы башчылар катышты.