Самидин кары Атабаев Аравандагы ажылык сапарына аттанган зыяратчыларга сабак өттү

Бүгүн, 29-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин 1-орун басары Самидин кары Атабаев Ош облусуна караштуу Араван районундагы ажылык сапарга аттанган зыяратчыларга сабак өтүп, аларды ажылык учурунда тартипти сактоого чакырды.

«Ажылык ибадатын аткарууда өзүнө жараша машакаты бар. Сиздерди машакат учурунда ачуу үстүндө кыйкырып, адепсиздик кылбастан, сабырдуу болууга чакырабыз. Ар бир өлкөнүн өзүнө жараша мыйзамдары бар. Сауд Арабиясына ажылык учурунда өтө көп адам баргандыктан, тартиптердин сакталуусун дагы да катуу көзөмөлгө алышат. Ажы башчыларга баш ийип, кезекте турганда сабырдуу бололу», – деди Самидин кары Атабаев.

Айта кетсек, аталган жолугушууга Ош облусу боюнча ажылык иштеринин куратору Алибек ажы Жусупов, Араван районунун баш имам-хатиби Умарали ажы Муратов, зыяратчыларды жетектеп баруучу ажы башчылар жана ажыга баруучу зыяратчылар катышты.