Кара-Кулжада имамдар жеке каражатына жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышын өткөрүштү

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл өкмөтүндөгү 12 мечит имамдары өздөрү акча чогултуп, жеке каражатына жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышын өткөрүштү.

Саамалыкка райондун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев барып, катышуучуларга Куран окуунун пайдалары тууралуу өз баяндамасын жасады.

«Эң чоң бакыт – бул жаштык убакытты пайдалуу өткөрүү. Жаштыкта алган илим ташка тамга баскандай эсте калат. Ошондой эле, жаштык кезде окууга болгон кызыгууну арттыруу, күч-кубатыбызды туура пайдаланууга үгүттөйт. Куран окууну үйрөнүү менен өзүңөргө жакшылык иш кылдыңар. Эми аны түшүнүү жана иш жүзүндө ага амал кылууга аракеттенүү керек. Бул дегени жүрүм-турумуңар мыкты болуусу керек», – деди баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев.

Айта кетсек, аталган Куран жарышына 40 бала катышып, Курандан жарым пара жана 10 сүрө боюнча өздөрүн сынап көрүштү. Бул жарыш алардын окуусуна стимул болушу үчүн сабак берип келген мечит имамдары өздөрү акча чогултуп уюштурушту.