Чүй казыяты фитир-садакаларды 2-этабын таратты

Чүй облусунун мусулмандарынын казыяты 2024-жылдагы жыйналган фитир-садакаларды муктаждарга, майыптар үйүнө жана балдар үйүнө таратууда.

Атап айтканда, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын Сокулуктагы «Реабилитациялоо борборундагы» 82 балага, «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр» коомунун эсебинде турган 192 киши, а.и. 120 балага, «Жаш майыптар коомунун» имаратында жашаган 26 үй-бүлөгө казыятка келип түшкөн 2024-жылдагы фити-садаканын эсебинен жардамдар берилди.

Аталган мекемелерге облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков өзү барып, ал жерде жашаган жарандардын ал-абалын сурап, фитир-садакаларды таратты.