Тоңдун имамдарына жыйын болуп, белектер тапшырылды

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылындагы борбордук мечитте райондун жалпы имамдарына кезектеги жыйын болуп өттү. Чогулушту райондун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов өтүп, жыл башынан бери аткарылган иштер, фитир-садаканын таратылышы, КМДБ, облус казыятынан берилген буйруктардын ишке ашуусу жана жалпы эле диний ишмердүүлүк тууралуу кабар алып, бир катар тапшырмаларды берди.

«Биз тараптан жиберилген буйруктарды так аткарып туруңуздар. Орозо айында чогулган фитир-садаканы сөзсүз түрдө арыздын негизинде, шарият талап кылган адамдарга таратууда так болуңуздар. Мындан сырткары эл арасында дайыма түшүндүрүп, айтып келе жаткан ар кандай жамандык, жакшылыктардагы ысырапчылыктын алдын алып түшүндүрө бериңиздер. Жараткан Алла Таала кылган кызматыңардан ыраазы болсун», – деди баш имам-хатиб.

Жыйын соңунда жергиликтүү тургун Болот Сагынбаевдин демөөрчүлүгү менен ар бир имамга 5 томдон турган Имам Муслимдин «Сахих Муслим» хадистер жыйнагынын кыргызча котормосу белекке берилди. Аталган жаранга имамдар баталарын берип, ыраазычылык билдиришти.