Бишкекте 100 үй-бүлөгө кайрымдуулук кылынды

Бишкек шаарындагы Свердлов районунун Ак-Бата, Ак-Жар жана Нуркожо-Ата конушунда жеке демөөрчүлөр тарабынан аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө 160 миң сомдук азык-түлүк таратылды.

Райондун баш имам-хатиби Уланбек кары Курманбаев кайрымдуу инсандарга ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.

«Бул конуштарда ар кайсы аймактардан келген тургундар жашашат. Материалдык жактан ар кандай абалда болгон тургундарыбыз бар, муктаж болгон кишилердин да саны аз эмес. Бүгүн мына мынтип кайрымдуу инсандардын демилгеси менен азык-түлүктөрдү тараттык. Аллах Таалам кабыл кылган болсун», – деди райондун баш-имам хатиби.