Кара-Кулжада «Коопсуз бала өлкөбүздүн келечеги» аттуу иш-чара өткөрүлдү

Кечээ, 29-апрель күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын алдында мектеп окуучуларына «Коопсуз бала өлкөбүздүн келечеги» аттуу иш-чара өткөрүлүп, анда райондун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев өз баяндамасын жасады.

«Окуучулук кез – бул эң сонун убакыт. Бирок убакыт учкан куштай демекчи, өтө тез өтүп кетет. Ошол себептен жаштыкты илим алууга жумшап, убакытты пайдалуу иштер менен алектенип өткөрүңүздөр. Мындайча айтканда, жаштыктагы толуп-ташкан энергияны туура колдонуу керек», – деди баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев.

Айта кетсек, аталган иш-чара Кара-Кулжа райондук хатибият, райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте уюштурулуп, ага акимдин орун басары, билим берүү башкармалыгынын жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.