Чүйдө медреселер аралык футбол мелдеш болуп өттү

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Ала-Тоо» медресеси, «Аль-Бушро» медресеси жана «Абу Ханифа» диний окуу жайлары ортосунда достукту, ден соолукту чыңдоо, студенттер ортосундагы ынтымакты бекемдөө максатында футбол боюнча турнир болуп, байгелүү орун алган командаларга баалуу белектер тапшырылды. Ошондой эле мелдештин аягында «Ала-Тоо» медресесинде катышуучуларга сый-тамак уюштурулду.

«Мусулман адам ар бир нерседе дайыма алдыда болушу керек. Биз медреседе окуп жаткан студенттерди шамдагай, ден соолугу чың болушу үчүн кам көрөбүз. Албетте бул саамалык акыркысы эмес. Мындан ары да ушундай иш чараларды көп-көп уюштурууга аракет кылабыз. Ден соолук канчалык чың болсо окуу, сабакты түшүнүү да жакшы болот», – деп белгиледи «Ала-Тоо медресесинин мүдүрү Тумар Ширахунов.

Белгилей кетсек, медреселер аралык футбол боюнча турнирде 1-орунду «Аль-Бушро», 2-орунду «Ала-Тоо», ал эми 3-орунду «Абу Ханифа» медресеси ээледи.