Свердлов районунда ысырапкерчиликти жоюу боюнча жыйын өттү

Бишкек шаарынын мэриясынын №21 муниципалдык аймактык башкармалыгында ысырапкерчиликти жоюу боюнча кезектеги жыйын болуп өттү.

Жыйынга №21 муниципалдык аймактык башкармалыгынын жетекчиси Азамат Мудунов, Свердлов районунун баш-имам хатиби Уланбек кары Курманбаев жана квартал башчылар катышты.

«Жыйында ысырапкерчилик боюнча да кеңири талкуулар жүрүп, аны жоюу боюнча бир топ пикирлер ортого салынды. Бул иш-чараны токтобостон улантып туруу баарына эскертилди. Райондук хатибияты тарабынан экстремиздин алдын алуу жана ысырапкерчиликке жол бербөө тууралуу баяндама жасадык», – деп билдирди райондун баш имам-хатиби.