Дастан ажы Мамаев: «Илим алууда мугалимдин орду чоң»

Бүгүн, 30-апрель күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев Мамады Байымбетов атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугушуп, мугалимдерге жакшы мамиледе болууга чакырды.

«Илим алууда мугалимдин орду чоң. Анткени ал окуп, жазганды жана сандарды кошуп-кемитүүнү үйрөтүп, жашоодо коомго аралашууга шарт түзүп берет. Албетте илимпоз же түрдүү кесиптердин ээси болуу – бул адамдын жөндөмүнө жараша болот. Ал эми мугалим коомдук турмушта керек болгон негизги билимдерди берет. Ошол себептен мугалимдерге жакшы мамиледе болуу зарыл. Динибиз илим үйрөткөн адамга сый-урмат көрсөтүүгө чакырат», – деди баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев.

Аталган иш-чарага мектеп жетекчилиги, мугалимдер жамааты жана окуучулар катышты.