Азербайжан Республикасынын Президенти Азирети Муфтийлерди кабыл алды

1-майда Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттердин диний лидерлеринин делегациясын кабыл алды.

Делегациянын курамында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтйи Абдулазиз кары Закиров, Өзбекстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Нуриддин ажы Халикназаров, Казакстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи  Ноорузбай ажы Таган уулу, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Дин иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Ахмет Унсал бар.