Чоң-Алай районунун жалпы имамдарына жыйын өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун жалпы имамдарына жыйын өткөрүлүп, төмөнкү маселелер боюнча тапшырмалар берилди.

— Мечиттердин абалын жакшыртуу;

— Имамдардын билим деңгээлин көтөрүү.

«Илим алуу ар бир мусулмандын мойнундагы милдет. Айрыкча жамаатты жетектеп келген ар бирибиздин негизги максатыбыз ушул болушу шарт. Анткени жалпы жамаат биздин айткан сөзүбүзгө эле эмес, кыймыл-аракетибизге да карап таалим-тарбия алат. Ошол себептен улам ар бирибиз негизги максатты илим талап кылууга коюшубуз керек. Мына ошондо жамааттын алдында аброюбуз жогору болот. Ошону менен катар айткан сөздөрүбүз да өтүмдүү болот», – деди баш имам-хатиб Алимбек ажы Маматаминов.