Азербайжанда өтүп жаткан тынчтык жана кызматташтык форумунун 2-күнү

Боордош Азербайжан өлкөсүндө “Тынчтык жана глобалдык коопсуздук үчүн диалог: кызматташтык жана өз ара аракеттенүү” аттуу темада VI Бүткүл дүйнөлүк маданияттар аралык форумдун негизги бөлүгү Шуша шаарында өтүп жатат.

Бакуда башталган дүйнөлүк маданияттар аралык форумга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров катышууда.

Айта кетсек, иш-чарага 100дөн ашуун өлкөдөн 700 жогорку даражалуу коноктор, анын ичинде 28 эл аралык уюмдун жана 60ка жакын өлкөнүн Маданият министрликтеринин өкүлдөрү катышып жатат. Кыргызстан делегациясында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз жана улуттук «Манас» театрынын директору Азиз Биймырза уулу бар. Ошондой эле форумдун ишине ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев жана Түрк кеңешинин башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев да катышууда.