Базар-Коргон хатибияты фитир-садаканы өз ээлерине таратып берди

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук хатибияты 100 500 сом акча каражатын жардамга муктаж инсандарга таратып берди. Райондун баш имам-хатиби Нармамат ажы Икрамов таратылып берилген акча фитир-садаканын хатибиятта калган 15% пайызынын эсебинен берилгендигин айтып, буларга токтолду.

“Бүгүн сиздерге таратылып бериле турган акча чыныгы жардамга муктаж инсандарга жетсе экен деп ниет кылган жакшы адамдардын аманаты. Демек аманатка кыянат кылбоо, элдин ишенип берген акчасын чыныгы муктаждарга бөлүп берүү биздин милдет. Райондук хатибият ар бир жазылган арыздарды карап, чынында жашоо шарты оор, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү эске алды. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) куттуу хадисинде, “Алган колдон берген кол жакшыраак” деген. Кудайым баарыбызды берүүчүлөрдөн кылсын, өлкөбүздө жакыр үй-бүлө деген болбосун».