Каракол шаарында 2024-жылдагы ажылык сапарына барчу жарандарга сабак өтүлдү

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы «Ибрахим ажы» атындагы борбордук мечитинде 2024-жылы ажылыкка бара турчу болочок ажыларга сабак уюштурулду. Ажылык маселелери тууралуу сабакты Каракол шаарынын баш имам-хатиби Талант кары Сабриков өтүп, ажылыктын маанилүүлүгү, парздары, ваажиптери жана башка маселелер тууралуу түшүндүрмө берди.

Сабакта баш имам-хатиб: «Ибадаттар эки түрдүү болот. Бири дене менен аткарыла турган болсо, бири байлык, мал менен аткарылат. Ал эми, ажылык ибадаты болсо, дене менен да, мал, байлык менен да ишке аша турган ибадат болуп саналат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Ажылык – машакат», «Кабыл болгон ажылыктын сыйлыгы – бейиш» деп айткан. Жараткан Алла Таала бардыгыңыздарды ушул кабыл болгон ажылыкка жеткирсин», – деди баш имам-хатиб.

Мындан сырткары болочок ажыларга ынтымакта, биримдикте болуу, ажы башчыларга баш ийүү, сапарда бири-бирине жардамдашуу сыяктуу баалуу кеңештер айтылды.