ФОТО: Мурталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган кезектеги спорттук мелдеш өтүүдө

Бүгүн, 4-май күнү Бишкек шаарында КМДБ түзүмүндөгү диний мекемелер арасында маркум Мураталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган футбол жана волейбол боюнча мелдеш өткөрүлүп жатат.

Салтка айланган спорттук иш-чара бул жолу Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы «Азирети Усман» жана «Куран нуру» ислам институттары тарабынан уюштурулуп, 21 диний мекемеден жалпы 60 команда ат салышууда.