Асан ажы Сыргабаев Базар-Коргон жана Ноокендеги ажыларга сабак өттү

Бүгүн, 4-май күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Асан ажы Сыргабаев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы борбордук мечиттерде болочок ажыларга жыйын өткөрдү. Жыйынга облус мусулмандарынын казысы Ниматулла ажы Жээнбеков, сөз болгон райондордун баш имам-хатибдери жана хатибият кызматкерлери, ажы башчылар катышты.

Жыйындын алкагында Асан ажы Сыргабаев болочок зыяратчыларга ажылык ибадатынын мааниси, өзгөчөлүктөрү жана өкүмү боюнча маалымат берип, ажылардын суроолоруна жооп берсе, облус казысы тиешелүү тартиптерди сактоого, штабга баш ийүүгө жана ибадатты кынтыксыз аткарууга чакырып, ажы башчыларды жоопкерчиликтүү болууга үндөдү.