Мурталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган кезектеги спорттук мелдеш жыйынтыкталды

Бүгүн, 4-май күнү Бишкек шаарында диний мекемелер арасында маркум Мураталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган футбол жана волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Салтка айланган спорттук иш-чараны Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы «Хазрети Осмон» жана «Куран нуру» ислам институттары уюштуруп, 21 диний мекемеден жалпы 60 команда ат салышты.

Диний мекемелер жана диний кызматкерлери ортосундагы достук, ынтымакты чыңдоого багытталган бул мелдеш кызуу өтүп, төмөнкүдөй жыйынтыкталды:

ФУТБОЛ:

Студенттер аралык мелдеш боюнча;

3-орун – «Мусахан төрө» атындагы мечит

2-орун – «Көлмө» медресеси

1-орун – КИУ

Устаздар аралык мелдеш боюнча;

3-орун – «Арчалы» медресеси

2-орун – «Мааткабыл уулу Шаршенбай ажы» медресеси

1-орун – «Таштан ажы» медресеси

ВОЛЕЙБОЛ:

Студенттер аралык жарыш боюнча;

3-орун – «Көлмө» медресеси

2-орун – «Азирети Усман» ислам институту

1-орун – «Кутайба ибн Муслим» медресеси

Устаздар аралык жарыш боюнча;

3-орун – АГИ

2-орун – «Азирети Осмон» медресеси

1-орун – И. Арабаев атындагы КМУнун теология факультети

Айта кетсек, мурдагы Азирети Муфтий, маркум Мураталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган футбол жана волейбол боюнча кийинки турнирди уюштуруу «Көлмө» медресеси менен Марва ТВга тапшырылды.