Сузактагы болочок ажыларга сабак өтүлүп, суроолорго жооп берилди

Бүгүн, 4-май күнү Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев, Азирети Муфтийдин орун басары Асан ажы Сыргабаев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Сузак районундагы болочок ажылар менен жолугушуу уюштурду. Иш-чарага облус мусулмандарынын казысы Ниматулла ажы Жээнбеков, казыят жана хатибият кызматкерлери, ажы башчылар катышты.

Замир кары Ракиев жолугушуунун жүрүшүндө ажылык ибадатынын адептери жана жоопкерчилик жөнүндө лекция окуса, Асан ажы Сыргабаев зыяраттын жалпы тартиби боюнча айтып, болочок ажылардын суроолоруна жооп берди. Айта кетсек, өлкө аймагы боюнча ажылык зыяраты үчүн аттана турган жарандарга КМДБ тарабынан сабактар пландуу түрдө өтүлүүдө.