Баткенде медреселер аралык спорттук мелдеш өттү

Кечээ, 4-майда Баткен облусунун аймагындагы медреселер арасында спорттун кичи футбол, теннис жана аркан тартыш оюндары боюнча мелдештер өткөрүлдү. 

Спорттук иш-чара Баткен облустук мусулмандарынын казыяты, Кызыл-Кыя шаардык хатибияты жана Кызыл-Кыя шаарындагы диний окуу жайлары менен биргеликте уюштурулуп, ага облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров, казыят кызматкерлери, медресе мугалимдери жана студенттер курамынан командалар күч сынашты.

“Бул спорттук мелдеш салт катары жыл сайын өткөрүлүп келет. Турнир жаштарды спортко, сергек жашоого үндөө жана медреселер арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулду. Жаштарды ар тараптуу өнүктүрүүбүз маанилүү. Ошондой эле медреселерде Муфтият тарабынан бекитилген окуу программага ылайык билим алуусу керек. Ал эми диний окуу жайга 9-11-классты аяктаган студенттер кабыл алынышы керек. Бул нерсеге ар бир диний окуу жайдын жетекчилери милдеттүү түрдө көңүл бурууга милдеттүү. Ал эми бүгүнкү спорттук мелдештин уюштуруучуларына ыраазычылык айтам. Студенттерибиз келечекте динге жана калкка кызмат көрсөтүүдө ынтымактуу, бирдиктүү иш алып барууларын каалайбыз. Буйруса, мындай мелдештер дагы да уланмакчы”, – деди Нуридин ажы Мамасабиров.

Оюн кызыктуу өтүп, жыйынтыгында футбол боюнча 1-орунду Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарындагы “Азирети Али” медресеси, теннис боюнча 1-орунду Баткен шаарындагы “Муьаз ибн Жабал” медресеси, ал эми аркан тартыш боюнча «Азирети Усман» медресеси 1-орунду камсыз кылды.