«Күндү бузган ала булут, элди бузган ушакчы чуут» (макал)

«Эй, ыймандуулар! Шектенүүлөрдүн көпчүлүгүнөн арылгыла. Анткени, айрым шек саноолор – күнөө. Бири-бириңерди аңдыбагыла жана бири-бириңерди артыңардан тилдебегиле. Силердин араңардан ким өлгөн бир тууганынын этин жешти жакшы көрсүн?! Силер аны жактырбайсыңар! Алладан корккула. Чындыгында Алла – тооболорду Кабыл Кылуучу, Боорукер».

(Хужурат сүрөсү, 12)

Фейсбук социалдык тармагында Марсел Нурдинов аттуу фейктин ажылык маселеси жана КМДБнын айрым кызматкерлери боюнча айткан негизсиз сөздөрүн төгүндөп, буларды билдиребиз.

1) Фейсбук платформасында Марсел Нурдинов аттуу фейк аккаунтка таандык КМДБ (муфтият) жана ажылык маселесине байланыштуу пост пайда болду. Аталган фейк КМДБнын бир катар кызматкерлеринин дарегине негизсиз пикирлерди айтып, каралаган. Постто аталган кызматкерлер дин ислам жолунда жан үрөп кызмат кылып келишет. Өздөрүнүн үлгүлүү жүрүм-туруму, мол илим-билими, адептүүлүгү, адилеттүүлүгү менен обочолонуп, жаштарга үлгү болушууда. Адамга эмес, Аллага таянган диний аалымдарыбызга жана кесипкөй кызматкерлерибизге айтылган жалаалуу пикир чындыкка дал келбейт. Демек, адамды жакындан тааныбай-билбей туруп, сыртынан тон бычып, дин бир тууганынын «этин жегендик» исламиятка такыр сыйбайт.

2) Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча ажылык наркын эң арзан уюштурган өлкөлөрдүн бири. Коңшулаш мамлекеттер болобу, башка мусулман өлкөлөрү болобу, кайсынысын карабайлы, Кыргызстан жарандары үчүн ажылык наркы өтө ыңгайлуу коюлган. Албетте, ажылык нарктамасынын бекитилишинде мекемелер аралык иш тобу (УКМК, ИИМ КР ДИМК, Чек ара, мамлекеттик каттоо кызматы, саламаттык сактоо министрлиги, Аалымдар кеңешинен жана Борбордук текшерүү комиссиясы) катышып, көзөмөлгө алышат. 2024-жылдагы ажылык нарктамасы 3750 АКШ доллары болуп бекитилип, былтыркы жылдан да арзан болду. Албетте бул жетишкендиктин артында ачык-айкындуулук жана күмөндүү схемалардын жоктугу жатат. 

3) Ажылык учурундагы курмандыктын наркы боюнча да ушак сөзгө жол берилген. Чынында ажылык мезгилиндеги курмандык чалуу тартипке келтирилип, бир системага түштү. Алсак, өткөн жылы «барбари» пародасындагы эттүү койлор ѳ дүң баада 160 АКШ долларына сатылып алынса, 40 АКШ доллары жеткирүү, касапчы акысы ж.б. кызматтарга каралган. Демек, бул жерде эч кандай коррупциялык элемент жок. Анткени САПтын базар баасында курмандыкка жарачу койду мындан да арзанга табуу өтө кыйынга турат. Эгерде ажылык наркы жана анын калькуляциясы боюнча шек-күмөнү бар жарандар болсо, КМДБга келип, ачык-айкын маалымат алып кетишсе болот. Биздин эшигибиз ар убак ачык.

4) Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы КМДБ менен тыгыз кызматташып, салттуу ислам көз карашынын калыптанышына, ханафилик-матуридиликтин жайылышына жана дин маданиятынын өнүгүшүнө өз салымын кошуп келет. Комиссия ошондой эле диний мекемелердин документтешүүсүнө жакындан көмөк көрсөтүп, бүгүнкү күндө мечит-медреселерибиздин 99 пайызы эсептик каттоодон өткөрүлдү. Бирок аталган мекеме КМДБнын ички саясатына, кадр маселесине жана финансылык иш-аракетине аралашпайт. Тиешелүү нормативдерге ылайык, диний башкармалыктын мыйзамдуулук жагын гана тескей алат. Андыктан Кыргызстандагы дин тутуу эркиндигинин орношуна кызмат кылып келе жаткан КР ДИМК жана жетекчилигинин дарегине такталбаган, негизсиз, жалган пикирлерди айтуу мусулманчылыкка да, адамгерчиликке жатпайт.

5) Ислам дининде жаман күмөн (суу-и зонн) кылуу – арам. Ыйык Куранда ушак айтуу катуу айыпталып, бир туугандын этин жегенге салыштырылган. Андыктан билип-билбей ушак айтуу, дин бир тууганынын абийрине, ар намысына шек келтирүү, куру доомат кылуу чоң күнөөлөрдөн. Ал эми маалымат алуучулар да этият болуп, «Эй, ыймандуулар! Эгер силерге бир бузуку (адам) кабар алып келсе, кайсыл бир коомго байкабастык  кылып, кийин өкүнүп калбаш үчүн оболу аныктагыла!» деген аятка амал кылганы дурус.

Мекемелер аралык комиссия УРШ жыйынында.