Айнура Сагынбаева аттуу интернет колдонуучунун диний багыттагы айткан пикирлери ислам динин ачык бурмалоого жатат

Айнура Сагынбаева аттуу интернет колдонуучунун диний багыттагы айткан пикирлери ислам динин ачык бурмалоого жатат. Анын коомдун, өзгөчө жаш өспүрүмдөрдүн адеп-ахлактык баалуулугуна каршы билдирген ойлору таптакыр орунсуз. Сагынбаеванын ислам эрежелери жана нарк-насил нормаларына туура келбеген пикирлери көпчүлүктү тынчсыздантууда. Анткени кээ бир ойлору ыймандан ажыроого алып барат. Эгерде аталган жаран шарият негиздерине жана улуттук наркка сыйбаган субъективдүү ойлорун айтууну токтотпосо, тиешелүү органдарга кайрылууга мажбур болобуз.