«Имам Жазарий» медресесинин студенттери ишембилик өткөрүштү

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Жаңы-Пахта айылындагы «Имам Жазарий» медресесинин студенттери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери менен биргеликте Жаңы-Пахта айыл аймагына алып баруучу чоң жолдун жээктерин толугу менен тазалап чыгышты.

«Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) куттуу хадисинде: «Жолдун акысын толук бергиле» деп айткан. Сахабалар «жолдун акысы кандай?» деп сураганда, пайгамбарыбыз (с.а.в): «Көздү ылдый кылуу, зыяндуу нерселерди жолдон четке алып коюу жана саламга жооп берүү, жакшылыкка үндөп жана адамдарды жамандыктан кайтаруу», – деп жооп берди. Динибизде ар бир нерсенин тартиби бар, жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактап, тазалыкка көңүл буруп, башкаларга үлгү бололу», – деп билдирди медресе мүдүрү Кудаяр ажы Авазов.