Тоңдо өспүрүмдөр арасында Куран жарышы өттү

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын имамы Эмил Акуновдун уюштуруусу жана айыл жаштарынын колдоосу менен элеттеги өспүрүм балдар арасында Куран окуу жарышы болуп өттү. Таймашта Куран окуудан сырткары ар кандай диний, аң-сезимди өстүрүүчү суроолор берилип, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды. Суроолорго туура, так жооп берип биринчи орунду ээлеген өспүрүмгө велосипед, экинчи жана үчүнчү орун ээсине саат жана кызыктыруучу белектер, таттуулар тапшырылды. 

Аталган иш-чарага райондун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов катышып, калыстык кылды. Баш имам-хатибдин билдирүүсүндө, бул сыяктуу конскурстардын уюштурлуусу жаш балдардын ислам динине кызыгып, илим алуусуна жана адеп-ахлакка көңүл буруусуна чоң өбөлгө түзөт дейт.

Калыстар тобунун чечими менен:

1-орунду Турдумамбетов Элдос;

2-орунду Таалайбек уулу Абдулло;

3-орунду Турдумамбетов Элхан аттуу балдар ээледи.

Баш имам-хатиб саамалык соңунда батасын берип, балдардын окууларына ийгилик каалап, үлгүлүү жаштардан болууларын тиледи.