Кара-Суудагы Маданият айылынын жаштары имамга автоунаа белек кылышты

Бүгүн, 6-май күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагындагы Маданият айылынын жаштары жергиликтүү «Маданият» мечитинин имам-хатиби Исламбек ажы Ташматовго автоунаа белек кылышты.

Маданият айылынын жаштары элдин ынтымагын бекемдөөдө, жаштардын таалим-тарбиясын жакшыртууда талыкпастан эмгектенип келе жаткан имамга ыраазычылык иретинде «Матиз» үлгүсүндөгү унааны белек катары имамдын үйүнө жеткирип беришти.

«Маданият мечитинин имамына бул жылы Орозо Айт майрамына карата Умра сапарына жолдомо берилген болчу. Мына бүгүн автоунаа берилип турат. Бул да болсо, имамдын эмгегин баалаган элдин берешендиги. Жергиликтүү элден Аллахым ыраазы болсун», – деди баш имам-хатиб Абдирашит ажы Батыров.