Бактияр ажы Токтогазы уулу Ысык-Көл облусунан ажылыкка баруучу жарандарга сабак өттү

Бүгүн, 6-май күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 2024-жылы ажылык сапарына баруучу жарандарга сабак уюштурулду. Ажылык амалдары туурасындагы сабакты КМДБнын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу өттү. Сабакта ажылыктын пазилети, сооптору, парздары, ваажибдери, ихрамдын өкүмдөрү, ихрамга киргенде тыйылган, уруксат берилген иштер жана башка ажылык ибадатынын маселери айтылды.

«Ислам динибиздин негизги беш парзынын бирөө болуп саналган ажылык ибадаты хижраттын 9-жылы парз болгон. Ажылыктын парздыгы Курани Карим жана хадистер аркылуу айкын белгиленген. Курани Каримде Алла Таала: «Барууга чамасы жеткен бардык адамга Алла Таала үчүн Кааба үйдү зыярат кылып ажылык милдетин аткаруу парз» деген. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) өзүнүн бир хадисинде айтат: «Алла Таала силерге ажылыкты парз кылды, ажылык ибадатын аткаргыла». Дагы бир хадисинде мындай деген: «Ислам беш негиздин үстүнө курулган: Аллахтан башка Кудай жок экендигине жана Мухаммед (с.а.в.) Аллахтын элчиси экендигине күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, орозо кармоо жана ажылыкка баруу». Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ажылыктын парз экенин сахабаларына түшүндүрүп жатканда, алардан бирөө: «Ажылык ар жыл сайынбы?» деп сураганда, Пайгамбарыбыз унчукпайт. Бул суроо үч ирет кайталанганда: «Эгерде ооба деп айткан болсом ажылык силерге ар жыл сайын парз болуп калмак. Буга чамаңар жетмек эмес», – деген. Корутундулап айтканда, ден соолугу бар жана жол каражатын камсыз кылууга толук чамасы жеткен ар бир мусулмандын өмүрүндө бир жолу ажылык милдетин аткаруусу парз болуп саналат», – деди Бактияр ажы Токтогазы уулу.

Белгилей кетсек, 2024-жылы Ысык-Көл облусунан 47 жаран ажылыкка баруу үчүн каттоодон өткөн.