Дастан ажы Мамаев: «Ар бир нерсенин өз убагында болгону жакшы»

Бүгүн, 6-май күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев Сайдракман Калназаров атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугушуп, аларга убакытты туура пайдалануу боюнча өзүнүн кеп-кеңеш, насааттарын айтып, мугалимдерди сыйлоого чакырды.

«Окуучулук күндөрдү илим алууга жумшагыла, иштеп акча табам деп убактыңарды, багытыңарды башка жака буруп албагыла. Ар бир нерсенин өз убагында болгону жакшы. Демек азыркы учурду жалаң илим алуу менен алектенип өткөрүңүздөр», – деди баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев.

Аталган иш-чарага мектептин эмгек жамааты, жергиликтүү мечит имамы жана мектеп окуучулары катышты.

Баш имам-хатиб Мамады Байымбетов атындагы орто мектебинин окуучулары менен да жолугушуп, окууларына ийгиликтерди каалап, өз насааттарын айтып өттү.

Айта кетсек, Мамаев бул мектепке 29-апрель күнү келип, мугалимдерди сыйлоо туурасында баяндама жасаган.