Абдилазиз ажы Туташбаев Ош шаарынан ажылык сапарына баруучу ажыларга сабак өттү

Кечээ, 6-май күнү Ош шаарынан  ажылык сапарына аттанган жарандарга КМДБнын Ажы-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси Абдилазиз ажы Туташбаев сабак өтүп, ажылыкта аткарылчу амалдар боюнча кеңири маалымат берди. 

«Алла Таала адамзатты жаратып, аларга акыреттеги толук бактылуулукка жетүү үчүн ислам динин белек катары тартуу кылган. Мына ошол ислам дини негизинен беш түркүктүн үстүндө курулгандыгы тууралуу хадистерде келген. Ибн Умар (р.а.) баяндайт: Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: «Ислам дини беш түркүктүн үстүндө курулган: Аллага ыйман  келтирүү, беш убак намаз окуу, орозо кармоо, зекет берүү жана ажыга баруу». Ажылык ар бир мүмкүнчүлүгү жеткен мусулманга парз болсо, умра колунан келген адам үчүн сүннөт амалы болуп эсептелет. Анткени пайгамбарыбыз (с.а.в.) умраны сүннөт кылып аткарган. Ажылык амалдарында Мина өрөөнү, Арафат өрөөнү, Муздалифа, “шайтанга таш атуу”; мына ушул жерлердеги ибадатты өтө кылдаттык менен аткаруу зарыл. Ошондой эле ажыларды алып жүрүүчү ажыбашчыларга баш ийүү менен мамиле кылуу шарт», – деди Абдилазиз ажы Туташбаев.

Сабактын жүрүшүндө Ош шаарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков жогоруда айтылган ажылык амалдарын кылдаттык менен аткарып, ниетти түз жана туура коюунун зарылдыгын айтты.