Кара-Токойдо аялдарга багытталган көчмө семинар өткөрүлдү

Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын аялдар менен иштөө адиси тарабынан Баткен районунун Кара-Токой айылында аялдар үчүн көчмө семинар өткөрүлдү. Анда «Жаратканга ишенимди чыңдоо», «Ысырапкорчулуктун алдын алуу, «Кайнене – келин» маселелери боюнча устазалар тарабынан баяндар айтылды.

Семинар спикерлери  Баткен облустук мусулмандар казыятынын аялдар менен иштөө адиси Уулкан Дүйшөева, Баткен шаардык хатибиятынан Латифа Ботоева, “Адеп башаты” диний уюмунун Баткен облусундагы координатору Перизат Токторовалар болушту.

Иш-чара лекция жана суроо-жооп форматында өтүп, бүгүнкү күндө жаштар арасында жана болочок энелердин тарбиялык калыптануусунда болуп жаткан көйгөйлөр боюнча айтылып, аларды жоюунун жолдорун түшүндүрүлдү. Мындан сырткары катышуучулар тарабынан үй-бүлө курууга даярданууга байланыштуу суроолор берилип, шарияттын негизинде жооптор берилди.

Эскерте кетсек, көчмө семинар ай сайын Баткен районундагы бир катар айылдардагы айымдарга жыл башынан бери өткөрүлүп келе жатат.