Равшан ажы Эратов Ноокаттагы ажылыкка аттанган зыяратчыларга сабак өттү

Бүгүн, 7-май күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун борбордук мечитинде КМДБ кызматкери Равшан ажы Эратов Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров менен биргеликте райондогу ажылык сапарына аттанган зыяратчылар менен жолугушуп, ажылык ибадатын аткаруудагы эрежелер боюнча сабак өттү.

«Буйруса бул жылы насип кылып, ажылык ибадатын аткаруу үчүн аттанып жатасыздар. Аллахым күч-кубат берсин. Атайын мал-мүлкүңүздү, убактыңызды, күч-кубатыңызды жумшап, жөнөп жатканга жараша мыкты деңгээлде ибадат кылуу насип кылсын. Ар бир жердин өзүнө жараша мыйзамдары бар дегендей, ал жактын мыйзамдарын сактоого, тартипке баш ийүүгө чакырабыз. Сиздер – көпчүлүк, ажы башчы – бирөө. Ошол себептен, башчыга баш ийип, сабырдуулук менен ибадаттарды толук аткарып келүү насип кылсын», – деди Равшан ажы Эратов.

Ал эми Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров зыяратчыларга өзүнүн кеп-кеңешин айтып, аларга атайын убакыт бөлүп сабак өткөнү үчүн Равшан ажы Эратовго ыраазычылык билдирди.