Абдулазиз ажы Туташбаев Өзгөндөн ажылык сапарына аттанган зыяратчылар менен жолугушту

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун борбордук мечитинде КМДБнын ажылык иштери боюнча адиси Абдулазиз ажы Туташбаев аталган райондон ажылык сапарына аттанган зыяратчыларга сабак өтүп, анда ажылык учурунда ар бир ибадатты мыкты аткаруу үчүн тартипти сактоо маанилүү экендигин эскертти.

«Ажылык ибадатын аткаруу динибизде парз болуп саналат. Албетте инсандардын мүмкүнчүлүгүнө жараша зекет, ажылык ж.б. жоопкерчиликтер жүктөлгөн. Буйруса Аллахым мүмкүнчүлүк берип, ошондой эле насип кылгандыктан, ыйык болгон ажылык сапарына аттанып жатасыздар. Бул мүмкүнчүлүктү туура пайдалануу керек. Ажылык учурунда ибадатты мыкты деңгээлде аткаруу үчүн тартипти сактоо маанилүү экендигин айтып өтөйүн. Ажы башчыларга баш ийип, кезекте турганда жана башка жагдайларда сабырдуу болууга чакырабыз», – деди Абдулазиз ажы Туташбаев.

Сабак соңунда Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров атайын убакыт бөлүп келгендиги үчүн Абдулазиз ажы Туташбаевге терең ыраазычылык билдирип, ажылык ибадатын аткарууда Алла Таала жеңилдик беришин тилеп дуба кылды.